ДЕФОРМАЦИЯ (көркөм ыкма)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:19, 18 Март (Жалган куран) 2025 карата vol_3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕФОРМА́ЦИЯ – 1) көркөм сүрөт өнөрүндө – көзгө көрүнгөн образдын табигый турпатынан четтөөсү. Ар кандай түр өзгөртүү, көзгө көрүнгөн турпатты кайра түзүү – ар кандай мезгилдеги элдердин көркөм өнөрүндө кезигет. Алар көз м-н көрүп кабылдоо өзгөчөлүктөрүнө, техника м-н стилге, о. эле канон талаптарына, сүрөтчүнүн жеке көрө билүү туюмуна ж-а алдына койгон милдеттеринин чечилиш өзгөчөлүгүнө байла­ныштуу болушу мүмкүн. 19-к-дын аягынан баш­тап Европа көркөм өнөрүндө Д. социалдык ж-а кесиптик чөйрөдөгү ой жүгүртүү м-н сүрөткер­дин көз карашына шартталган, аӊ-сезимдүү түрдө ырааттуу колдонулган көркөм ыкма бо­луп калды. Фовисттер, кубисттер, экспрессио­нисттер, сюрреалисттер живописиндеги Д. мына ушундай. Мындан сырткары, Д. оптикалык жөндөө катары пластикалык көркөм өнөрдө колдонулат. Мында табигый түрдү кадимки көз м-н көрүп кабылдоодо жаӊылыш бузулуп-бур­маланган көрүнүштөр «оӊдолот»; 2) табигый кырсык, сырткы жагымсыз шарттардын же зыяндуу, билбестик м-н жасалган таасирлердин негизинде көркөм чыгарманын жарым-жарты­лай, толук эмес бузулушу.