ДИАЗОБИРИКМЕЛЕР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:19, 18 Март (Жалган куран) 2025 карата vol_3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИАЗОБИРИКМЕЛЕР – азоттун эки атому м-н көмүртектин бир гана атому байланышкан тобу бар орг. бирикмелер. Жалпы формуласы RN2X.
Ароматтык Д-де Х – к-танын калдыгы же гид­роксид тобу. Алифаттык Д-де Х-тобу жок. Али­фаттык Д. туруксуз ж-а реакцияга өтө жөндөм­дүү; ысытканда жарылуу м-н ажырайт, суу, га­логениддер ж. б. м-н реакцияга кирип, азотту бөлүп чыгарат. Ароматтык Д-де диазотоп аро­маттык радикалдарды ж-а орг. эмес бирикме­лердин калдыктарын кармап турат. Ароматтык Д-дин көпчүлүгү туруксуз ж-а реакцияга өтө жөндөмдүү болот. Катуу абалындагы Д-ди ысыт­канда же урганда катуу жарылат. Эритме түрүн­дө өтө акырындык м-н, о. эле жарыктын тааси­ринен ажырайт. Ароматтык Д. түрдүү орг. би­рикмелерди синтездөөдө ж-а азобоёкторду алуу ө. ж-нда кеӊири колдонулат. Ароматтык амин­дерди диазоттоодон алынат. алардын иштешинде ката жоктугун, айрым