ДИАЛЕКТОЛОГИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:19, 18 Март (Жалган куран) 2025 карата vol_3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИАЛЕКТОЛО́ГИЯ (диалект ж-а ...логия) – тил илиминин диалектилерди изилдеп үйрөтүүчү ж-а иретке салуучу бөлүгү. Д. илими диалекто­графия (мүнөздөөчү) ж-а тарыхый Д. деп бөлү­нөт. Д. жолу м-н диалектилерди үйрөнүү учур­дагы диалектилердин түзүлүш-аймактык жик­телиши, кайсы бир тилдин диалектилеринин фонет. системасы, граммат. түзүлүшү, сөздүк курамы ж-дө ырааттуу маалымат берет. Жерг. говор (айтым), диалектинин өзгөчөлүктөрү, ай­мактык таралыш чеги, изоглассасы лингвисти­калык география аркылуу аныкталат, коӊшу тилдер м-н болгон мамилеси белгиленет. Диа­лектилерди мындай синхрондук үйрөнүү, аймак­тык таралышты салыштырып талдоо аны тары­хый-диахрондук жактан үйрөнүүгө жол ачат. Та­рыхый Д. азыркы диалект, говорлордун түзүлү­шүн, тарыхый өнүгүшүн жазма эстеликтердин тили ж-а тарых, этнография, археологиянын маа­лыматтары м-н айкалыштыра салыштырып изил­дейт. Тилдин диалектилерге бөлүнүшү байыркы замандан бери эле белгилүү. Тилдеги диалектилик өзгөчөлүктөр 19-к-дан Батыш Европада, Россия­да элдик мад-т, этнография, фольклор м-н бай­ланышта изилденет. Д-нын кийинки өнүгүшү тил илиминдеги младограмматика агымы м-н тыгыз байланыштуу, к. Кыргыз диалектологиясы.