ДИАМАГНЕТИЗМ
ДИАМАГНЕТИ́ЗМ – магнетизмдин бир түрү; заттардын тышкы магниттөөчү талаанын багытына карама-каршы магниттениши. Нерсени магнит талаасына жайгаштырсак, электр-магниттик индукция законунун негизинде анын ар бир атомунун электрондук кабыкчасында индукцияланган туюк ток пайда болот. Бул ток ар бир атомдо Ленц эрежеси б-ча тышкы магнит талаасына багытталган индукциялык магнит моментин пайда кылат. Д-дүү зат диамагнетик деп аталат.
Ад.: Вонсовский С. В. Магнетизм. М., 1971.