ДИАПАУЗА
ДИАПА́УЗА (гр. diāpasis – тыныгуу) – көпчүлүк жаныбарлардын өөрчүүсүндөгү зат алмашуунун кескин төмөндөшү ж-а форма түзүүчү процесстердин токтолушу м-н мүнөздөлгөн физиол. тереӊ тыным мезгили. Д-нын башталышы метаморфозду ж-а өөрчүүнү иретке салуучу нейроэндокрин системасынын өзгөрүүлөрү же өөрчүүгө тоскоол болуучу атайын гормондордун бөлүнүп чыгышы м-н шартталат. Организмдеги Д. м-н өөрчүүнүн муун алмашуусун мезгилдик цикл жаратат. Курт-кумурскаларда Д-нын башталышын шарттоочу маанилүү экол. факторлорго күндүн узактыгы ж-а темп-ра кирет. Д-нын токтолушу ж-а өөрчөөнүн калыбына келиши организмге төмөнкү темп-ранын же күн жарыгынын узакка таасир этүүсүнөн келип чыгат. Ар кайсы түрдөгү курт-кумурскалардын Д-сы алардын тиричилигиндеги белгилүү гана баскычтарга туш келет. Алсак, курт-кумурскалардагы Д. эмбриондук ж-а имаголук болуп бөлүнөт. Д. учурунда организмдин сырткы ыӊгайсыз шарттарга болгон байымдуулугу артат.