ДЕФОРМАЦИЯ (көркөм ыкма)
ДЕФОРМА́ЦИЯ – 1) көркөм сүрөт өнөрүндө – көзгө көрүнгөн образдын табигый турпатынан четтөөсү. Ар кандай түр өзгөртүү, көзгө көрүнгөн турпатты кайра түзүү – ар кандай мезгилдеги элдердин көркөм өнөрүндө кезигет. Алар көз м-н көрүп кабылдоо өзгөчөлүктөрүнө, техника м-н стилге, о. эле канон талаптарына, сүрөтчүнүн жеке көрө билүү туюмуна ж-а алдына койгон милдеттеринин чечилиш өзгөчөлүгүнө байланыштуу болушу мүмкүн. 19-к-дын аягынан баштап Европа көркөм өнөрүндө Д. социалдык ж-а кесиптик чөйрөдөгү ой жүгүртүү м-н сүрөткердин көз карашына шартталган, аӊ-сезимдүү түрдө ырааттуу колдонулган көркөм ыкма болуп калды. Фовисттер, кубисттер, экспрессионисттер, сюрреалисттер живописиндеги Д. мына ушундай. Мындан сырткары, Д. оптикалык жөндөө катары пластикалык көркөм өнөрдө колдонулат. Мында табигый түрдү кадимки көз м-н көрүп кабылдоодо жаӊылыш бузулуп-бурмаланган көрүнүштөр «оӊдолот»; 2) табигый кырсык, сырткы жагымсыз шарттардын же зыяндуу, билбестик м-н жасалган таасирлердин негизинде көркөм чыгарманын жарым-жартылай, толук эмес бузулушу.