ДИАСПОРА
ДИ́АСПО́РА (гр. diasporf – таратуу, чачыранды болуу) – өз тарыхый мекенинен сырткары, башка өлкөлөрдө жашаган этностук топ. Д. зордоп көчүрүү, геноцид коркунучу, о. эле экон. ж-а социалдык себептердин натыйжасында пайда болгон. «Д.» термини алгач б. з. ч. 6-к-дын башында Палестинадан куулуп, сыртта жашаган еврейлерге, кийин башка этностук ж-а диний топторго карата колдонула баштаган. Д. өкүлдөрү жашап жаткан аймагында улуттук-маданий борборлорду түзүп, рухий мад-тын сактоо ж-а өнүктүрүү, улуттук салттарды, үрп-адаттарды жайылтуу, ата журту м-н маданий байланышта болуу, маданий-агартуу иштерин жүргүзөт. Кырг-нда да жашаган улуттардын Д-лары бар. Ал эми Россия, Казакстан, Түркия, Кытай, Батыш Европа, Америка ж. б. өлкөлөрдө кыргыз Д-лары катталган. О. Каратаев, С. Эралиев.