БОТКО

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:50, 30 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОТКО – акталган же түктөлгөн дандан же акшактан жасалуучу коюу тамак. Аны сууга же сүткө, кээде эттин сорпосуна да бышырат. Ботко данга жана аны бышыруу ыкмасына карата бир нече түргө бөлүнөт. Мисалы, күрүчтөн ынак сүткө жасалса – күрүч Ботко, сууга же эттин сорпосуна бышырылган кара күрүч – чачма Ботко, ошондой эле таруу Ботко, жүгөрү Ботко ж. б. Ал аш болумдуу болгондуктан, мүнөз тамак катары да берилет.