БРОМДУУ ЭТИЛ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:43, 7 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БРОМДУУ ЭТИЛ , э т и л б р о м и д и, CH3CH2Br – хлороформ жыттанган түссүз суюктук. Молекулалык массасы 109,04; эрүү t 119, 60°С, кайноо t 38,2°С. Сууда эрибейт, эфир, этил спирти ж. б. эриткичтерде эрийт. Ал этанга бромду же этиленге НВrду түздөн-түз таасир этүүдөн алынат. Металлдар жана нуклеофилдүү реагенттер менен орун алмашуу реакциясына кирет. Органикалык синтезде алгачкы сырьё, этилдөөчү агент, өрт өчүрүүчү заттардын компоненти катары колдонулат. Наркоздук жана ооруну басаӊдатуучу касиетке ээ.