БРИАНШОН ТЕОРЕМАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:05, 7 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БРИАНШО́Н ТЕОРЕМАСЫ – проекциялык геометрия теоремасы; ал 2-тартиптеги ийри сызыктын сыртына сызылган ар кандай 6 бурчтуктун карама-каршы чокуларын туташтыруучу түз сызыктар бир чекитте (Брианшон чекитинде) кесилишерин аныктайт. Теореманы 1806-жылы франциялык математик Ш. Ж. Брианшон (1785–1864) далилдеген (аты ошондон). Брианшон теоремасы менен Паскаль теоремасы (проекция геометриясындагы) кош принципти колдонуу аркылуу бири экинчисинен алынат. Брианшон теоремасы бир жактуу сызгычты гана пайдаланып, проекциялык жана элементардык геометриянын конструкциялык (түзүүгө берилген) маселелерин чыгарууга мүмкүндүк берет.