ДЕКОРАЦИЯ ИСКУССТВОСУ
ДЕКОРА́ЦИЯ ИСКУССТВОСУ – пластика өнөрүнүн тармагы; ал архитектура жана дизайн сыяктуу материалдык чөйрөнүн көркөм калыптанышына таасир кылып, ага эстетикалык жана идеялык образдык касиет берет. Декорация искусствосу түздөн-түз архитектура менен байланышкан монумент искусствосунда (фасаддарды, интерьерлерди, ошондой эле парк скульптураларын кооздоочу архитектуралык декор, рельеф, статуя, витраж, мозаикаларды түзүү) жасалга-колдонмо өнөрүндө (көргөзмөлөрдүн жана музейлердин экспозициялык элементтери же деталдары), аянт, парк, оондой эле имараттар, интерьерлер. 1816–1822-жылдары П. Н. Герендин өнөрканасында окуп жүрүп, мурдагы чеберлерден (айрыкча П. П. Рубенстен) таалим алган. Д. романтизм жолуна түшүп, бара-бара ал мектептин башында туруп, прогрессчил жактарын уланткан. 1822-ж. «Данте менен Вергилий» (Лувр, Париж) аттуу сүрөтүн көргөзмөгө койгон. «Хиостогу бычакташуу» (1823–24, Лувр) сүрөтүндө гректердин жапа чегишин тереӊ драматизм м-н көрсөтсө, «Грекия Миссолунгинин урандысында» (1827) гректердин азаттык үчүн күрөшүн баяндайт. Д. 1831-ж. Улуу француз рев-ясынын темасына 2 сүрөт («Буасси д’Англа Конвентте», «Мирабо жана Дрё-Брезе»), согуш темасына «Пуатьеге жакын жердеги салгылашуу» (1830), «Нансинин жанындагы салгылашуу» (1831–34) ж. б., о. эле «Мароккодогу еврейдин үйлөнүү тою» (1839), «Араб комедиячылары» (1848) ж. б. чыгармаларды тарткан. Ал монументтүү живопись тармагында да көп эмгек сиӊирген. Д-нын чыглыгы 19-к-дагы дүйнөлүк живописте тереӊ из калтырган.