ДЕЛАКРУА
ДЕЛАКРУА Фердинанд Виктор Эжен (26. 4. 1798, Сен-Морис, Парижге жакын – 13. 8. 1863, Париж) – француз живописчиси ж-а графиги.1816–1822-жылдары П. Н. Герендин өнөрканасында окуп жүрүп, мурдагы чеберлерден (айрыкча П. П. Рубенстен) таалим алган. Д. романтизм жолуна түшүп, бара-бара ал мектептин башында туруп, прогрессчил жактарын уланткан. 1822-ж. «Данте менен Вергилий» (Лувр, Париж) аттуу сүрөтүн көргөзмөгө койгон. «Хиостогу бычакташуу» (1823–24, Лувр) сүрөтүндө гректердин жапа чегишин тереӊ драматизм м-н көрсөтсө, «Грекия Миссолунгинин урандысында» (1827) гректердин азаттык үчүн күрөшүн баяндайт. Д. 1831-ж. Улуу француз рев-ясынын темасына 2 сүрөт («Буасси д’Англа Конвентте», «Мирабо жана Дрё-Брезе»), согуш темасына «Пуатьеге жакын жердеги салгылашуу» (1830), «Нансинин жанындагы салгылашуу» (1831–34) ж. б., о. эле «Мароккодогу еврейдин үйлөнүү тою» (1839), «Араб комедиячылары» (1848) ж. б. чыгармаларды тарткан. Ал монументтүү живопись тармагында да көп эмгек сиӊирген. Д-нын чыглыгы 19-к-дагы дүйнөлүк живописте тереӊ из калтырган.
