ДАНИЯЛЫКТАР
ДАНИЯЛЫКТАР , д а н д а р (өздөрүн д а нс к е р е деп аташат) – Даниянын негизги калкы. Швеция, Норвегия, Германия (Шлезвиг- Гольштейн жери), АКШ, Канада, Австралияда да жашашат.

Саны 5,7 млн киши, а. и. 5,1 млну Данияда (2000). Д. дания (дан) тилинде сүйлөшөт. Д-дын көпчүлүгү лютеран, калгандары протестант ж-а католик дининде. Д-дын түпкү теги б. з. ч. 3-миӊ жылдыктын аягында Даниянын азыркы аймагына Скандинавия а-нан көчүп келишкен кимврлер, юттар, англдар, сакстар сыяктуу герман уруулары, 5–6- к-да Түш. Швециядан келген дан уруулары (өлкө ошолордун атынан Данмарк же дандар жери деп аталган) деген божомолдор бар. Алар фриздер, Балтика өндүрүндөгү славяндар м-н аралашып, бир этноско биригип кеткен. Викингдердин үстөмдүгүнүн тушунда Д-дын мамлекети пайда болуп, христиан динин кабыл алган. 10– 11-к-да бирдиктүү дания эли калыптанып, 19- к-да улут болуп түзүлгөн. Негизинен дыйканчылык, мал чарбачылык, балык уулоочулук м-н кесиптенишет. Д-да байыртадан кол өнөрчүлүгү өнүккөн. Темир ж-а жыгач устачылык, зергерчилик, карапачылык, кездеме ж-а килем токуу иштери өнүгүп, 19-к-дын аягына чейин бетине көчөт түшүрүлгөн оймо-чиймелүү карапа ж-а металл буюмдары кеӊири колдонулган. Эркектер кездеме токуп, жаныбарлардын турпатын жыгачтан жасашкан. Д-дын көпчүлүгү шаарларда турушат. Улуттук кийимдери негизинен жүндөн токулат. Аялдар жеӊдүү кофта, кенен тигилген узун юбка кийип, алжапкыч тагынышкан. Эркектер ак көйнөк, багалеги тизе ылдый шым, тизеден жогору жүн байпак, күрмө, улгайгандары кемсел, башына жүндөн токулган баш кийим же цилиндр (өтө бийик төбөлүү калпак) кийишкен. Тамак-ашы – эт, балык, сүт азыктары, а. и. күрүч, таруу, буудай, арпадан бышырылган ботко, фледегред (малина м-н каймак аралаштырып жасалган буудай ботко), бутерброддун 700 түрү, маргарин кеӊири колдонулат. Суусундук катары кофе, чай ичишет. Айыл жерлеринде дыйкандар арпадан пиво кайнатышат. Улуттук майрамдары – Ыйык Люсия (13-декабрь), Ыйык Кнюда (13-январь) ж. б. Ш. Керимова.