ДЕИЗМ
ДЕИ́ЗМ (лат. deus – кудай) – дүйнөнү кудай жараткан м-н анын кийинки өнүгүшүнө ал кийлигишпейт деп эсептеген диний-филос. окуу 17– 18-к-дын агартуучулары Кудайды аӊдап түшүнүүнүн акыл-эстен башка жолу жок деп эсептеген. Бул термин христианчылыктын үч жактуу (үч түрдүү) Бир Кудай деген негизги диний догмасын четке кагуу м-н өздөрүн динчил катары көрсөтүүгө далалаттангандарды мүнөздөө үчүн алгачкы жолу 1564-ж. колдонулган. Кийинчерээк деисттер өздөрүн «табигый диндин» жактоочуларыбыз деп атай баштаган. Д-дин негиз салуучусу – англ. философ лорд Э. Г. Чербери. «Акыйкат жөнүндө трактат» аттуу эмгегинде акыл-эске таянган дин тууралуу идеяны өнүктүргөн. 17–18-к. Франция, Англия ж. б. европ. өлкөлөрдө көп сандаган деисттер пайда болгон. Алар христианчылыктан ыйман окуусун көрүшкөн. Марксисттик ад-тта «Д.» термини м-н кудайга ишенген, бирок, дүйнөнү илимдин рационалдуу методдору аркылуу түшүнүүгө умтулган философторду белгилешкен. Табият таануу илимдеринин батыштык көптөгөн өкүлдөрү Д-ди колдошот, анткени алар дүйнөнүн мыйзам ченемдүү, санжаптуу өзгөрүшүнөн, өнүгүшүнөн Кудайдын бар экендигинин далилин көрүшөт. Т. Абдылдабеков.