ГУЛИА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:02, 22 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГУ́ЛИА Дмитрий Иосифович [9(21). 2. 1874, Абхазия, Уарча кыш. – 7. 4. 1960, Абхазия, Агудзера кыш.] – жазуучу, Абхазия эл акыны (1937); агартуучу, абхаз ад-тын негиздөөчүлөрдүн бири. Горидеги мугалимдер семинариясынан окуган. 1892-ж. К. Д. Мачавариани м-н бирге абхаз алип-песин түзгөн. Чыгармаларынын темасы – эл достугу, Абхазиянын адамдары ж-а жаратылышы. Алгачкы ырлар жыйнагы 1912-ж. жарыяланган. 1924-ж. биринчи абхаз театр труппасын уюштуруп, аны жетектеген. Туӊгуч абхаз гезитинин («Абхазия») редактору болгон. «Камачич» романында (1940) падышалык бийлик учурундагы абхаздардын оор турмушун, аялдардын кайгылуу тагдырын көрсөткөн. Г. – абхаз этнографиясы, тарыхы, тили б-ча эмгектердин ж-а хрестоматия окуу китептеринин автору. СССР Жогорку Советине (4–5-шайланышынын) депутат. Ленин ордени 3 жолу Эмгек Кызыл Туу ордендери менен (1941, 1954, 1958) сыйланган.

Ад.: Бгажба Х., Зелинский К. Дмитрий Гулиа. Критико-биографический очерк. Сухуми, 1965.