ГАЛОГЕНДЕР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:13, 15 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАЛОГЕНДЕР (гр. hfls – туз ж-а ...ген) – элементтердин мезгилдик системасынын VII тобунун башкы топчосун түзүүчү химиялык элементтер (фтор F, хлор С1, бром Вr, иод I, астат Аt). Металлдар м-н кошулганда туз пайда кылгандыктан, галогендер деп аталат. Галогендердин молекулалары 2 атомдон турат. Сырткы электрондук деӊгээлинде 7 электрон болуп, туруктуу деӊгээл пайда кылууга 1 электрон жетпейт. Металлдар м-н кошулганда алардын бир электронун өзүнө тартып алып, күчтүү окистендиргич касиетке ээ болот. Алар – реакцияга абдан тез кирүүчү металлоиддер (астаттан башкасы). Көпчүлүк элементтер м-н түздөн-түз кошулуп, галогениддерди пайда кылат. Фтордон иодду көздөй атомдук радиусу чоӊоюшу м-н химиялык активдүүлүгү төмөндөйт. Кадимки шартта фтор м-н хлор – газ, бром – суюк, иод м-н астат – катуу зат.
Астат – радиоактивдүү элемент. Суу м-н кадимки шартта газ абалында сууда жакшы эрүүчү галогендүү суутекти пайда кылат. Алардын суудагы эритмелери – күчтүү кислоталар. Эритмеде ар бир галоген өзүнөн кийинки галогендин атомун металл ж-а суутек бирикмелеринен сүрүп чыгарат. Мүнөздүү окистенүү даражасы –1 (Fдон башкасы); айрым бирикмелеринде окистенүү даражасы +1, +3, +5, +7.

Ад.: Асанов Ү. А., Кудайбергенов Т. Т., Рысмендеев К. Р. Жалпы химия. Б., 1998.