ДЕЛИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:35, 28 Март (Жалган куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕ́ЛИ – Индиянын борбор шаары (1947-жыл­дан). Жамна дарыясынын боюнда, Аравали тоосунун түндүк-чыгыш тармагында. Дели союздук аймагы­нын административдик борбору. Аскер кызматчылары жаша­ган Эски Делиге (же Шахжаханабад, шаардын тарыхый очогу) ж-а расмий мамлекеттик борбор бо­луп эсептелген Жаӊы Делиге (Нью-Дели) бөлү­нөт. Калкы 11,5 млн (2007). Жолдор тоому, эл аралык аэропорту бар. Түрдүү жеӊил, химия, ай­нек-карапа, тамак-аш, курулуш материалдар, полиграфия, металл иштетүү, машина куруу өнөр жай ишканалары иштейт. Көркөм кол өнөрчүлүк өнүккөн. Төрт университет, улуттук ж-а куурчак музей-

Шардагы көчө­лөрдүн бири.

лери, улуттук заманбап галерея, М. Ганди, Ж. Неру ж. б. мемориалдык музейлери иштейт. Ал­гач Махабхарата эпосунда эскерилет. Байыркы убакта Индрапрастха аталган. 1206-жылы Дели сул­тандыгынын, 1526-жылдан Могол империясы­нын борбору. 1803-жылы англистер басып алган. 1911–47-жылдарда Британиялык Индиянын борбору. Темир колонна (5-кылымдын башы), Кутб Минар ми­нарети (13-кылымдын башы), Кувват-ул-ислам, Жама Масжид мечиттери, Ыйык Жеймс англикан чир­көөсү (1836), Лотос храмы (1980–86), президент ак сарайы (аянты 132 га), Лал-Кила чеби («Кы­зыл форт», 17-кылым), мавзолей ж. б. сакталган. Жантар-Мантар обсерваториясы (1725) иштейт.