ДЕМИРЧЯН
ДЕМИРЧЯ́Н Дереник Карапетович [6(18). 2. 1877, Ахалкалаки – 6. 12. 1956, Ереван] – армян жазуучусу, Армян ССР ИАнын академиги (1953). Женева ун-тин бүтүргөн (1909). Чыгармалары 1893-жылдан жарыялана баштаган. «Лэнк-Тимур» тарыхый-баатырдык поэмасында, «Скрипка жана чоор», «Артыкбаш», «Жылмаюу», «Динчил» аӊгемелеринде кедей-кембагалдардын таламын талашкан. 1920–30-ж. жазылган «Эс алуу үйүндө», «Мерке», «Сато», «Рашид», «Нигяр», «Жолдоштор» деген аӊгеме, повесттеринде, «Наполеон Коркотян», «Капутан», «Туулган өлкөм» аттуу пьесаларында Д. рев-ячыл күрөштү, карапайым элдин эмгегин даӊазалайт. «Вардананк» тарыхый романынын (1943–46), о. эле бүтпөй калган «Месроп Маштоц» романынын автору. Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.