ДЕМОГРАФИЯ
ДЕМОГРА́ФИЯ (гр. demos – эл ж-а ...графия) – калктын коомдук-тарыхый шартка жараша өнүгүү мыйзам ченеми ж-дөгү илим; коомдук илимдерге кирет. Ал негизинен калктын өсүшүн, муун алмашуусунун негизинде элдин жаӊыланып турушун изилдейт. Элдин саны өлүм-житим, жаӊы төрөлгөндөр ж. б. натыйжасында өзгөрүп турат: айрым аймактын калкына эл кошулат (иммиграция), башка жакка көчүп кетет (эмиграция). Андан тышкары: адам үйлөнөт, ажырашат, балалуу болот, улгаят, билими жогорулайт, адистиги, социалдык абалы алмашат. Д. калктын ж-а анын айрым топторунун жаӊыланышынын динамикасын Д-лык процесстерди (калктын табигый кыймыл процесстери) талдоо аркылуу айкындайт. О. эле Д. калктын курактык-жыныстык, нике ж-а үйбүлөлүк түзүлүштөгү өзгөрүүлөрүн, калк санынын жалпы мыйзам ченемдүү өзгөрүүлөрүн да изилдейт. Д. илиминин негиздөөчүсү англ. илимпоз Жон Граунт (1620–74) болгон. Россияда биринчи Д-лык эмгек Д. Бернуллиге таандык. Д-лык изилдөөлөр анда жүрүп турган процесстердин тенденциялары м-н факторлорун белгилүү аймакта ж-а түрдүү мезгилде изилдөөгө багытталган. Д. төрөлгөндөр м-н өлгөндөрдүн санынын өзгөчөлүктөрүн изилдеп, прогноз түзөт. Калктын саны м-н түзүлүшү ж-дө болжолдуу ж-а чыныгы материалдар Д-лык саясаттын өзөгүн түзөт. Д-да калк ж-дө маалыматты топтоп, аны тандап ж-а өзгөчө бөлүмдү (демогр. статистика) түзгөн статистикалык ыкмалар негизги орунга ээ. Д-лык процесстердин байланышы ж-дө сандык мүнөздөмөлөр матем. түрдүү ыкмалар м-н жүзөгө ашат. О. эле графиктик ыкмалар кеӊири колдонулат. Ал эми Д-лык процесстер м-н айрым аймактардын түзүлүштөрүн салыштыруу картогр. изилдөө ыкмасы аркылуу ишке ашырылат. Андан тышкары Д. калкты иликтеген илимдердин изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы м-н ыкмаларын да колдонот. Мис., Д-лык процесстердин социал. мүнөздөгү аспектилери Д-нын социология, антропология ж-а мед. география м-н тыгыз байланышта экендигин айгинелейт. Калктын отурукташуусу, миграциясы ж. б. Д-лык процесстер Д-ны калк географиясы, этностук өзгөчөлүктөрү, этнография, аймактарда калкты отурукташтырууга багытталган изилдөөлөр – геодемография (калк географиясы м-н Д-нын айкалышынан пайда болуп, геодемогр. абалды ил. изилдөөгө арналган жаӊы ил. багыт) м-н байланыштырат. Т. Ниязов.