ДЕМОГРАФИЯЛЫК САЯСАТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:37, 18 Март (Жалган куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕМОГРАФИЯЛЫК САЯСАТ – коомду социал­экон. жактан өнүктүрүү саясатынын бир бөлүгү; муундардын табигый толукталып турушун ж-а калктын жер которуу кыймылына таасир этүүгө багытталган социал., экон., укуктук ж. б. жаа­тындагы чаралар тобу. Д. с. мамл. же аймак­тык болушу мүмкүн. Булар атайын мыйзамдар чыгаруу ж-а тийиштүү шарттарды түзүү аркы­луу ишке ашырылат. Д. с-тын натыйжасы мамл. статистикада катталат. Д. с-тын негизги багыт­тары – калктын көбөйүшү, элдин жер которуу­су ж-а таралышы, жайгаштыруу багыттары, эм­гек ресурстарынын турпаты ж-а куруму, эм­гекке орноштуруу, калктын иш м-н камсыз бо­лушу ж. б.