ДЕМОДЕКОЗ
ДЕМОДЕКО́З (Demodekoses) – Demodex уруусундагы кенелер козгоочу ылаӊ. Бул кенелер түрдүү жаныбардын кылы, жүнү, түгү өсүүчү дүмүрчөсүндө ж-а май бездеринде мителик кылат. Ылаӊ- даган жаныбардын териси сезгенет, катмарланат, тез арыктайт. Ылаӊ өзгөчө ит, бодо мал ж-а чочкодо оор өтөт. Жаныбарды түрүнө жараша ар түрдүү кенелер ылаӊдатат. Бул кенелердин дене түзүлүшү ж-а өөрчүү циклдери негизинен окшош. Соо мал ылаӊдуулар м-н чогуу багылганда жугат. Өзгөчө ыплас короо-сарайда багылып, жем-чөбү сапатсыз келип, жетишсиз болгондо, жаш мал ылаӊга тез чалдыгат. Ылаӊ- даган малдын баш, моюн, далы, төш ж-а буттарынын ар кайсы жеринде чоӊдугу 2–10 ммге жеткен, колго урунган дөмпөктөр пайда болот. Дөмпөктөрдүн кылда чокусунда тешиги болуп, андан сары суу чыгып турат, сыкканда агыш түстөгү коюу суюктук чыгат. Дарылоо комплекстүү түрдө жүгүзүлөт. Ылаӊга чалдыккан жерлерин «Акродекс», «Дерматозоль», «Росинка», «Циодрин», «Псороптол» аэрозоль дары-дармеги м-н 4–6 жолу дарылайт. Кабылдап кеткенде, терисинин астына ивомек куят, жараланган жерлерине күкүрт м-н дёготтун (кара май) вазелиндеги аралашмасын сүйкөйт, жемге кошулуп күкүрт берилет. Ылаӊды алдын алуу үчүн вет.-санит. иш-чараларды туура сактап, соо малга ылаӊдууларды жолотпоо зарыл. Д. Раимбеков.