ДЕМОКРАТИЯЛЫК ЦЕНТРАЛИЗМ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:37, 18 Март (Жалган куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕМОКРАТИЯЛЫК ЦЕНТРАЛИ́ЗМ – партия­лардын коомдук-саясий ишмердигиндеги, мамл. бийликти ишке ашыруудагы жетекчи негизде­ринин бири – башкаруунун борбордоштурулуп уюшулушу. Анда жетекчи органдардын төмөн­төн жогору шайланышы, алардын өз парт. уюм­дарына ж-а жогорку органдарга мезгил-мезги­ли м-н отчёт берүүсү, азчылыктын уюмдашкан көпчүлүккө баш ийүүсү, жогорку органдардын чечимдеринин төмөнкүлөр үчүн аткарууга сөзсүз милдеттүүлүгү; булардын баары коммунисттик ж-а жумушчу партиялардын уюмдашуу негиз­дери, о. эле, тоталитардык мамлекеттердин сая­сий түзүлүшү болуп келген.