ДЕМОКРИТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:37, 18 Март (Жалган куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕМОКРИ́Т (б. з. ч. 460–370) – байыркы грек философу, антикалык атомизм теориясын не­гиздөөчү. Д. курчап тургандын баарын атом м-н боштук гана түзөт деп эсептеп, дүйнөнүн кубу­луштарын ушулар аркылуу

түшүндүргөн. Атом эч нерсе­ден жаралбаган, жоголбо­гон, сырткы таасирге баш ийбеген, боштукка карама­каршы, бөлүнбөс түбөлүктү нерсе. Физика, астрономия, этика, медицина, география, математика ж. б. илим тар­мактары б-ча 70тен ашуун эмгек жараткан. Анын эм­гектеринен айрым үзүндүлөр гана башка антикалык ойчулдардын айтып кал­тырганы б-ча бизге чейин келип жеткен.

Ад.: Асмус В. Ф. Демокрит. М., 1960.