ДЕМПИНГ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:37, 18 Март (Жалган куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕ́МПИНГ (англ. dumring – арзандатуу, түшү­рүү) – атаандашты сүрүп чыгаруу‚ рынокту ээлөө максатында жасалма төмөндөтүлгөн баа б-ча товарларды экспорттоо‚ кара ниет атаандаштык­тын бир түрү. Д. товардын сапатын жакшыртуу м-н өндүрүш чыгымдарын төмөндөтүүгө негиздел­ген чыныгы атаандаштыкка каршы келет. Эгер төмөнкү баа өндүрүштүн чыгымын азайтууга‚ алдыӊкы техника м-н технологияны пайдала­нууга негизделсе‚ ал Д. болуп эсептелбейт. Көп өлкөлөрдүн мыйзамдарында‚ о. эле Европа сою­зунун (ЕC) документтеринде Д-ге каршы чаралар‚ а. и. Д-ге каршы бажы салыгы каралган.