ГИДРОМЕХАНИКА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:40, 25 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГИДРОМЕХА́НИКА (гидро… ж-а механика) – механиканын кысылбоочу суюктуктардын кыймылын ж-а теӊ салмактуулугун изилдөөчү бөлүмү. Ал суюктук кыймылын изилдөөчү гидродинамикага ж-а суюктуктардын теӊ салмактуулук шарттарын изилдөөчү гидростатикага бөлүнөт. Көп учурда Гидромеханика термини бүтүндөй гидроаэромеханиканы түшүндүрөт.