ДЕРЖАВИН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:37, 18 Март (Жалган куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕРЖА́ВИН Гаврила Романович [3(14). 7. 1743, азыркы Татарстан, Карамачи же Сокуры кыш. – 8(20). 7. 1816, азыркы Новгород обл., Званка кыш.] – орус акыны, орус классицизминин өкүлү. Казан гимназиясында окуган (1759–62). Алгачкы ыры 1773-ж. жарык көргөн. Алгач М. В. Ломоносовдун салтында жазса, кийинки «Князь Мещерскийдин өлүмүнө ода» (1779), «Фелица» (1784), «Шаркыратма» (1798) ж. б. чы­гармаларында өзүнүн жеке поэтикалык стилин тапкан. «Бийлөөчүлөргө жана өкүмдарларга», «Төрө» сыяктуу чыгармаларында бузукуларды айыптаган. Филос. лирикасынын негизги мо­тиви – өлүм ж-а өмүр ж-дөгү ой толгоолор (мис., «Князь Мещерскийдин өлүмүнө ода»). «Кудай» аттуу одасында адам баласын улуу да, арзыба­ган макулук да катары мүнөздөгөн.


Чыг.: Сочинения/Вступ. статья, сост., подгот. тек­ста, прим. Г. И. Ионина. СПб., 2002.

Ад.: Ходасевич В. Ф. Державин. М., 1998.