ДЕРКЕМБАЕВА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:35, 24 Март (Жалган куран) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕРКЕМБАЕВА Ирина Григорьевна (25. 12. 1927-жылы туулган, РСФСР, Иркутск облусу, Нукут району, Үӊкүрлүк улусу – 9. 10. 2021, Бишкек шаары) – опера ырчысы (сопрано), Бурят АССР (1958), Кыргыз ССР эл артисти (1967).

А. Малдыбаев, В. Вла­сов, В. Ференин «Ай­чүрөк» операсынан Айчүрөктүн ролунда – И. Деркембаева. 1965.

Москва консерваториясы­нын ырдоо факультетин бүтүргөн (1952). 1942–1944-жылдары Улан-Удэ­де балерина, 1952-жылдан Кыргыз мамлекеттик опера жана ба­лет театрынын солисткасы, 1975-жылдан Кыргыз мамлекеттик искусство институтунда, 1978- жылдан Кыргыз улуттук консерваториясында, 2006- жылдан, Кыргыз опера жана балет театрынын хор студи­ясында ырдоо адистиги боюнча сабак берген. Микаэла (Ж. Бизе, «Кармен»), Мар­гарита (Ш. Гуно, «Фауст»), Ольга (А. Даргомыж­ский, «Суу периси»), Маженкин (Б. Сметана, «Са­тылган колукту»), Оксана (П. Чайковский, «Че­ревички») жана башка партияларды кыргыз сахнасын­да ырдаган. Улуттук операларда Айчүрөк, Ка­лыйман, Канайым, Тотуя, Валентинанын (Вла­сов, Малдыбаев, Фере, «Айчүрөк», «Манас», «Токтогул»), Апалдын (Абдраев, «Жаш жүрөк­төр»), Сонундун (Аманбаев, «Бойдоктор») парти­ясын ырдаган. Анын репертуарында кыргыз, орус, бурят, украин эл ырлары, композиторлор­дун вокалдык чыгармалары бар. Жеке концерт менен Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги өлкөлөрүнүн дээрлик бардыгында ж­ана Индия, Индонезия, Германия Демократиялык Республикасы, Польша, Монголия жана башка чет өлкөлөрдө гастролдо болгон. Канада­да өткөн «ЭКСПО-67» эл аралык көргөзмөсүнө катышкан.

Деркембаева жаштардын жанаа студенттердин Берлинде өткөн бүткүл дүйнөлүк фестивалы­нын (1951), ырчылардын Москвада өткөн бүткүл союздук конкурсунун (1956) лауреаты. Эмгек Кызыл Туу, Данакер ордендери менен сыйланган.