ДЕСКРИПТИВДИК ЛИНГВИСТИКА
ДЕСКРИПТИВДИК ЛИНГВИТИКА(лат.
descriptivus – сыпаттоо, сыпаттама) – 20-к-дын 30–50-жылдарында америка тил илиминде пайда болгон лингв. структурализмдин бир багыты. Тилди изилдөө ыкмалары структуралык принципке негизделген. Бирок европ. лингв. структурализмдин багыттарынан бир кыйла олуттуу айырмачылыктарга ээ. Ал АКШнын коомдук-тарыхый, философия, тил илиминин өнүгүшүнүн тилдик шарттарынын өзгөчөлүү чагылдырылышы: позитивизм, прагматизм ж-а биховиоризм теориясынын жаралышы; жерг. индейлердин тилин иликтөө салты; АКШда жашаган ар түрдүү иммигранттык топторго байланыштуу өтө орчун маселелер. Д. л. амер. индейлердин тилин иликтөөдөгү турмуштук талаптан, б. а. Л. Блумфильддин салыштырма-тарыхый тил илиминин ыкмаларын кыйшаюусуз колдонуусунан келип чыккан. Кийин англис, индевропа, түрк, семит тилдерин изилдөөдө өз ыкмасынын багытын сактоо максатында тилди окутуу ыкмасы м-н тыгыз байланыш жасаган. Д. л-нын принциптеринин өнүгүшү бир нече этапка бөлүнөт. О. эле тилдин структурасынын формалдык элементтерин сыпаттап, дистрибуцияны негизге алат. Натыйжада Д. л. тыбыштын комплексин тилге барабар коёт да, анын маанисин эске албайт. Д. ыкмасы тилдин тыбыш системасын изилдөөдө кеӊири колдонулат.
Ад.: Глисон Г. Введение в дескриптивную лингвистику. М., 1959; Основные направления структурализма. М., 1964.