ДЕТЕРМИНИЗМ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:37, 18 Март (Жалган куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕТЕРМИНИ́ЗМ (лат. determino – аныктайм) – жаратылыш м-н коомдогу бардык кубулуштар­дын жашап турушу, кыймыл-аракеттери, өз ара байланыштары ж-а себептүүлүк м-н шарттал­гандыгыж-дөгүфилос.окуу.Себептүүлүктөрдүн, шарттуулуктардын маани-мазмундарынын көп тараптуулугу Д-дин ар түрдүүлүгүн аныктайт. Дүйнөдөгү болуп жаткан процесстердин, а. и. адам жашоосундагы окуялардын себептерин Кудай м-н байланыштырган окуулар же баары алдын ала аныкталып коюлган деген «тагдыр» тууралуу окуулар — теол. Д., жаратылыштагы себептүүлүктөр м-н шартталыштар тууралуу окуулар – космостук Д., адам эрктериндеги се­бептүүлүктөргө арналган окуулар – антропол. Д. ж. б. Д. кайсы бир кырдаалда фатализмге өтүп кетиши ыктымал. Д. термини – себеп­түүлүктүн бүт жалпы мүнөзүн танган индетер­минизмдин карама-каршысы.