ДЕТОНАЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:37, 18 Март (Жалган куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕТОНА́ЦИЯ (лат. detonо – күрүлдөө) – жарыл­гыч заттардан кубат бөлүнүп чыгып, ал бир кат­мардан экинчисине толкун түрүндө үндөн тез та­ралуучу хим. процесс. Хим. реакцияда согуу тол­куну пайда болот. Күйүүчү газдардын ж-а кошун­дулардын күйүү тездиги, темп-расы, күйүүдөн пай­да болгон газ түрүндөгү заттардын басымы улам жогорулай берет. Күйүүнү андан ары да улант­канда процесс жарылууга өтөт. Процесс жүрүп жаткан учурда күйүү чөйрөсүнүн көлөмү өзгөр­бөсө, көлөмдөгү басым өтө тез жогорулап, күйүү процессинин өзү Д-га айланат. Эгер жарылуу сыяктуу күйүү процессинин басымы 500–1500 кг/см2 болсо, Д. убагында басым 100 000 кг/см2 ж-а андан да жогору болушу ыктымал. Жөнөкөй күйүү, жарылуу сыяктуу күйүү ж-а Д-лык өзгө­рүүлөр кычкылдануу принцибинин натыйжа­сында пайда болот. Басым, процесстин жүрүү ж-а кеӊейүү тездиги, андагы тыгыздык ж. б. па­раметрлер Д. үчүн зор роль ойнойт. Д. учурунда пайда болгон басымга жаратылыштагы белгилүү заттардын эч бири туруштук бере албайт.