ДЕФИНИЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:37, 18 Март (Жалган куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕФИНИ́ЦИЯ , а н ы к т а м а (лат. definītio – түшүндүрүү, аныктоо) – окуп-үйрөнүлүүчү объек­тинин башкалардан айырмаланган орчундуу ка­сиеттерин мүнөздөөгө мүмкүндүк берүүчү логи­калык жыйынтык. Объектти окуп-үйрөнүүнүн натыйжасы тиешелүү түшүнүктөрдө чагылды­рылгандыктан, Д-ны анын мазмунунун ачык ж-а кыска баяндалышы катары кароого болот. Д. – белгилүү бир логикалык талаптарга, эре­желерге жооп берүүчү сүйлөм же сүйлөмдөрдүн жыйындысы. Д. берилип жаткан түшүнүк анык­талуучу, ал эми аны аныктап турган сөздөр аныктоочу деп аталат. Д. билимдин эӊ маанилүү элементтеринин бири болуп эсептелген ил. түшү­нүктөрдү окуп-үйрөнүүдө маанилүү роль ойнойт, к. Аныктама.