ДЕФИЦИТ
ДЕФИЦИ́Т (лат. dēficit – жетишпейт)‚ т а ӊ- с ы к т ы к – 1) өндүрүш факторлорун‚ керектөө предметтерин теӊдөө үчүн зарыл болгон акча‚ товар же кызмат көрсөтүүнүн жетишсиздиги; 2) чыгымдардын кирешелерден‚ карыздардын активдерден ашып кетүүсү. Д. экономикада – бул анын теӊдешсиздигинин жалпы көрүнүшү. Ал товардык формада сунуштан суроо-талаптын дайым ашып кетүүсү м-н шартталышы мүмкүн. Рынок экономикасында Д. өндүрүштүн тиешелүү бөлүмүнө инвестициянын келишине
же башка рыноктордо баасы арзан товарлардын агып киришине түрткү берүүчү таӊсык товарлардын баасынын убактылуу кымбатташы м-н мүнөздөлөт. Cунуштун көбөйүшү ж-а суроо-талаптын канааттандырылышы м-н товар Д-тти жоюлат. Экономикада Д. түрүнө бюджет тартыштыгы – мамл. чыгымдардын кирешелерден ашып кетүүсү кирет. Товарлардын ж-а кызмат көрсөтүүнүн импортунун аны экспорттоодон ашып кетүүсү экономикалык өнүгүүнүн убактылуу тездешине өбөлгө болот. Бирок бардык эле деӊгээлдеги узакка созулган Д. рыноктук теӊ салмактуулукту бузат‚ ишканаларды‚ муниципалитеттерди‚ борб. өкмөттү ж-а бүтүндөй өлкөнү карызга дуушарлантат. Акча-финансы чөйрөсүнүн туруксузданышы жалпы экон. кризис коркунучун күчөтөт. Биздин өлкөдө экон. реформа‚ финансы системасын чыӊдоо‚ сомду бекемдөө жолу м-н Д-ти жеӊүүгө болот.