ДЕФЛЕКТОР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:37, 18 Март (Жалган куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕФЛЕ́КТОР (лат. defleсto – четтетем, алып кетем) – 1) ар кандай имараттан, о. эле т. ж. вагондорунан кир абаны сордуруп алуу үчүн түтүктүн (шахтанын) сырткы учуна орнотулган түзүлүш. Кээде Д. имараттын ичине абаны берүү үчүн кызмат кылат (мис., кемелерде). Д. аба агымынын (шамалдын) кубатын пайдаланууга негизделген. Ал негизинен металл барактары­нан (болоттон), айрым учурда бетон, асбест-це­мент ж. б. материалдан жасалат. 2) Магнит компасынын девиациясын четтетүүчү ж-а өлчөө­чү магниттик курал. 3) Газ агымынын, суюк­туктун, чубурма заттардын, үн толкунунун ба­гыттарын өзгөртүүчү жабдык.