ДЕФЛЯЦИЯ
ДЕФЛЯ́ЦИЯ – 1) жүгүртүүдөн ашыкча акча массасын жасалма алып салуу. Өлкөнүн өкмөтү тарабынан салыкты көбөйтүү‚ эсеп ставкасын жогорулатуу‚ мамл. акча кагаздарын сатуу ж. б. жолу м-н инфляциянын темпин төмөндөтүү максатында жүргүзүлөт; 2) баанын жалпы деӊгээлинин төмөндөшү же акчанын сатып алуу жөндөмүнүн жогорулашы. Эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн жогорулашынан ж-а товардын наркынын төмөндөшүнөн же жүгүртүүдөгү акчанын санын чектөөдөн‚ о. эле жалпы сурамдын азайышынан улам пайда болот.