ДЕФЛЯЦИЯ (тоо тектеринин үбөлөнүшү)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:37, 18 Март (Жалган куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕФЛЯ́ЦИЯ 1 – (лат. deflatio – үйлөө, желпүү) – шамалдын таасиринен жердин үстүнкү борпоӊ катмарынын ж-а тоо тектердин жемирилип, үбө­лөнүп (кум, чаӊ ж. б.) учушу. Бул кубулуш ай­рыкча чөлдөрдө байкалат (Кара-Кум чөлүнүн түш. жагы). Д-нын ж-а физ. процесстердин на­тыйжасында жондонгон жарчалар, мунара сы­мал мамычалар пайда болот, к. Топурак эро­зиясы.