Категория:2-том, бүтө элек
БИОГЕОХИМИЯЛЫК ЦИКЛДЕР (заттардын биогеохимиялык айланышы) – биосферанын ар кандай компоненттеринин ортосундагы заттардын ж-а энергиянын айланышы. Ал организмдердин тиричилик аракеттери м-н шартталат ж-а циклдүү мүнөздө болот. “Биогеохимиялык циклдер” жөнүндөгү алгачкы түшүнүктү 20-к-да орус окумуштуусу В. И. Вернадский биогеохимиялык циклдүүлүктүн негизин иштеп чыгуу м-н киргизген. Биогеохимиялык циклдер жалпы планеталык түшүнүктө химиялык элементтердин күн энергиясынын таасири м-н тирүү организмдердин катышуусунда такай оошуп, коротулуп турушу деп каралат. Мында ар кандай химиялык элементтер бир кошулмадан экинчисине өтөт, жандуу ж-а жансыздардын ортосунда зат ж-а энергия алмашуу жүрүп турат. Биогеохимия циклдерде күн энергиясы органикалык бирикмелердин химиялык байланыш энергиясы түрүндө чогулган ж-а бардык биогеохимииялык процесстердин кыймылдатуучу күчү катары кызмат кылуучу фотосинтездин ролу абдан маанилүү. Ошентип, фотосинтез ж-а элементтердин такай болуп туруучу өз ара байланыштуу айлануусуна жараша туруктуу биосфера калыптанат. Планетада, алгач геологиялык, геохимиялык, гидрологиялык, атмосфералык процесстердин бардык комплекстерин камтыган абиогендик циклдер калыптанган ж-а негизинен суу, аба миграциясы ж-а заттардын аккумуляциясы аныктоочу роль ойногон. Бирок, табияттагы зат алмашуу ар кандай формадагы тиричилик татаалдангандыктан биологиялык, геохимимлык ж-а геофизикалык факторлордун таасирине жараша багытталган. Организмдер, айлана-чөйрө м-н такай алмашуу жүрүп турган түрдүү газ, эритме, катуу зат түрүндөгү минералдык ж-а органикалык заттарды кабыл алат ж-а берет. Кургактыктын ж-а Дүйнөлүк океандардын экосистемасы бири-бири м-н гидрологиялык агым ж-а аба миграциясы м-н байланыштуу. Ар кандай климаттык ж-а геологиялык өзгөчө биосферанын компоненттериндеги жалпы планеталык зат алмашуу интенсивдүүлүгү, ылдамдыгы, сапаты м-н айырмаланат. Башкача айтканда, биосферанын ар кайсы бөлүктөрүндө өзүнүн туруктуу биогеохимиялык цикалдери түзүлөт, ал ошол жердин туруктуу биогеохимиялык фонун мүнөздөйт. Ошондой эле, алмашуу процессинин ылдамдыгы боюнча айырмаланган бутактары бар. Микрооргаизмдердин ичинде зат алмашуусу өтө тез өтүүчү (бир нече минутадан суткага чейин), топурак-өсүмдүк системасында бир жумадан ондогон ж-а жүздөгөн жылдарга, ал эми экосистема ж-а ландшафтарда жүздөгөн жылдарга созулат. Биосферанын бардык табиятын (жер катмарынын терең горизонттору) камтыган заттардын жалпы планеталык цикли өтө жай өтүп, миңдеген ж-а миллиондогон жылдарга созулат. Нормадагы (бузулбаган) биогеохимиялык циклдер туюк эмес; маанилүү биогендик элементтердин жылдык циклинин кайталануу даражасы 95-98%. Муну м-н зат алмашууга катышуучу компоненттердин курамы, саны ж-а концентрациясы, организмдер м-н айлана-чөйрөнүн мамилесиндеги гармониянын туруктуулугу ж-а “тең салмактуулугу” кармалып турат. Бирок, геологиялык убакытта биогеохимиялык циклдин толук эмес туюктугу элементтердин миграциясына ж-а дифференциациясына, алардын чогулушуна же чачырашына алып келет. Элементтердин айрым бөлүгү биогеохимиялык циклден алынып калып, запас фондуда кала берет. Мисалы, көмүртек токойдо дарактар арасында жүздөгөн жылдар, чым көңдө ондогон миң жыл, таш көмүрдө млн жылдарга чейин крмалат. Биосферанын бардык тарыхында (3,5-3,8 млрд жыл) бул процесстердин натыйжасында атмосферада кычкылтек ж-а азоттун жыйналышынан озон экраны; көмүртектин биогендик концентрациясы (600 млн жыл мурда күйүүчү сланецтер, нефть, таш көмүр, битумдар ж. б.) кремнезем, фосфор, темир, жез ж. б. кошулмалар пайда болгон. Биосферада тирүү организмдердин тиричилик процессинде элементтер такай айланып турат. Мис., татаал түзүлүштүү өсүмдүктөр фотосинтездин жүрүшүндө жылына 60-70 млрд көмүртек ж-а көмүртек диоксидин сиңирет, бул Жер атмосферасында анын 8-10% түзөт. Азыркы биосферада биогеохимииялык циклдерге кишинин таасири биогеохимиялык процесстерге салыштурмалуу күчтүү болууда. Жер катмарынан жылына 160 млрд т ар кандай тоо тектер алынат, жылына табиятта миллиондогон жылдар чогулган күйүүчү газдар жагылат; өнөр жай процессинде, жылуулук электр станцияларынын ж-а транспорттордун ишинде атмосфера га тирүү организмдерге тескери таасир этүүчү ж-а уу заттар чыгарылат (Айлана-чөйрөнү булгоо).
Бул категорияда азырынча эч бир барак же файл жок.