ДЕШТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:37, 18 Март (Жалган куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕШТ , д а ш т – Иран тайпак тоолорундагы, о. эле О. Азия ж-а Батыш Кытайдагы чөлдүү түздүктөр. Жери кургак, шагыл таштуу, шор­луу келет. Термин чөлдөрдүн энчилүү аттары­нын курамдык бөлүгү катары да кездешет; мис., Деште-Кевир, Деште-Лут, Дашти-Марго ж. б. чөлдөр. Дешт тажикче, фарсча, афганча – түздүк, талаа, чөл деген маанини билдирет.