ДЕӉИЗ ЛИЛИЯСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:37, 18 Март (Жалган куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕӉИЗ ЛИЛИЯСЫ (Crinoidea) – омурткасыз жаныбарлырдын ийне терилүүлөр тибиндеги классы. Деӊиз түбүндө эркин жүргөн же бир нер­сеге бекиген гүлгө окшош жандык. Денеси чөй­чөктөй, ортосунда оозу жайгашкан. Чөйчөкчө­нүн түбүнөн өсүп чыккан канатка окшош бу­тактанган сабактары м-н майда планктондорду

кармап жейт. 700дөн ашык түрү бар. Тропик деӊиздеринде кеӊири таралган.