ДЖЕНЧУРАЕВА
ДЖЕНЧУРАЕВА (Жеенчороева) Александра Васильевна (14. 09. 1944-ж. т., Россия, Полтава обл., Лехвиц р-ну, Пески кыш.) – геолог, геол.- минералогия илимд. доктору (1995), проф. (2001). Саратов мамл. ун-тин бүтүргөн (1966). 1966-жылдан Кыргыз ССР геол. башкармалыгынын Геол.- экон. изилдөөлөр б-ча Кыргыз методикалык экспедициясында улук техник, геолог, отряддын ж-а партиянын начальниги болуп иштеген. Ал – 50дөн ашык ил. эмг., а. и. 2 монографиянын автору. Ил. иштери негизинен Кырг-ндын стратиграфиясы м-н палеонтологиясына арналган.
Эмг.: Стратиграфия и фораминиферы средне-каменноугольных отложений северных склонов Туркестано-Алая. Ф., 1979.