БОЗКҮРӨӉ ТОПУРАК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:27, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОЗКҮРӨӉ ТОПУРАК – кургакчыл субтропик алкагынын бадалдуу тоолорундагы топурак тиби. Ал 1,5–3,5% чиринди, 0,1–0,3% азот, 8— 14% карбонаттан турат. Жогорку катмары жумшагыраак, ал эми ортоӊку катмары өтө чополуу болгондуктан нык келет. Ал кадимки шалбаа, жетилбеген ж-а гипстопуракка бөлүнөт. Закавказьеде, О. Азияда тоо этектеринде болот. Кыргнда ал каралжын боз же күрөӊ карбонаттуу келет. Мех. курамында оор ж-а чопо минералдар көп болгондуктан сугарганда топурак тез катат. Бирок, беде эгилгенде структурасы кайрадан калыбына келет. Б. т-туу жерге пахта, дан өсүмдүктөрү эгилип, жүзүм, өрүк, шабдалы, анар, мисте өстүрүлөт.