БОЗБАРМАК «УСТАКАНАСЫ»

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:27, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОЗБАРМАК «УСТАКАНАСЫ» – Ысыккөлдөгү эӊ байыркы археол. эстелик; төмөнкү палеолиттин ашель, мустье доорлоруна таандык. Балыкчы ш-на жакын жердеги Агөлөӊ кыш-нын чыгыш тарабындагы Бозбармак тектирчесиндеги жайгашкан таш курал жасоочу «устакана». Андан палеолитке таандык куралдар табылган. Археологдор В. Ранов, М. Юнусалиев, А. Деревянко, А. Зенин тарабынан изилденген. М. Юнусалиев бул эстеликти Саламатбулак деп атоону сунуш кылган. К. Табалдиев.