ВАНАДИЙ КЕНТАШТАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:29, 17 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата 2-tom>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАН́АДИЙ КЕНТАШТАРЫ – курамында казып ж-а бөлүп алууга арзырлык өлчөмдө ванадий металлы бар минералдардын табияттагы чогундусу. В. к-нын негизги минералдары: ванадинит (курамында V2O5–11–19%), деклуазит (16–23%), кульсонит (15%ке чейин), карнотит (16–21%), роскоэлит (21–29%), патронит (9–29%). В. к-нын курамында ванадийден башка өнөр жайлык маанидеги минералдары болуп титаномагнетит м-н магнетит эсептелет. Алардагы V2O5–0,1–4,9%. В. к-нын курамында ванадийден башка Fe, Ti, Pb, Zn, Cu, Mo, Al ж. б. да болот. В. к-нын кендери эндогендик ж-а экзогендик болуп бөлүнөт. Э н д о г е н кендери ультранегиздүү, жегичтүү тоо тектер м-н байланыштуу болуп, магма, метасоматоз ж-а гидротерм процесстердин натыйжасында пайда болот. Алар ванадийге анча бай эмес (V2O5–0,1–1%), бирок запасы мол. Э к з о г е н кендери коргошун- цинк ж-а жез кенташтарынын кычкылдануу зонасында (V2O5–2–10%), ванадийлүү фосфоритте (0,1–1%), ванадийлүү нефтиде (5–58%), асфальтитте (50%ке чейин), титан магнетиттүү кен чачындысында (0,3%) ж. б. кезигет. Алар оолиттүү күрөӊ темир кенташтарында (V2O5– 0,07–0,4%), көмүртек-кремнийлүү сланецтерде (0,2–1,5%), бокситтерде (0,02–0,04%), көмүрлүү ж-а күйүүчү сланецтердин күлүндө (0,2%), океан түбүндөгү темир-марганец конкрецияларында (0,1%) да болот. Булардын курамында V2O5 аз болгону м-н запасы мол. Запасы 1 млн тдан ашат (Урал-Россия, Түш. Африка Респ-сы), ири кендериники – 10 миӊ т. Дүйнөлүк запасы 60 млн т, анын 90% Россия, Түш. Африка Респ-сы, Венесуэла, АКШ ж-а Кытайда. Кырг-нда В. к. негизинен көмүртек-кремнийлүү сланецтер формациясында кеӊири таралган. Ад.: Борисенко Л. Ф. Руды ванадия. М., 1983.