ДИКРОЦЕЛИОЗ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:59, 4 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИКРОЦЕЛИО́З (Dicrocoeliosis) – малдын боо­рун ж-а өт жолдорун жабыркатуучу ылаң. Тре­матод классындагы мите курттар козгойт. Кой­до көп кездешип, бир кыйла экон. зыянга учу­ратат. Уз. 5–15 мм, туурасы 1–2,5 мм. Жыныс­тык жактан өсүп жетилген мите боордун өт жолуна миңдеген жумуртка таштайт. Алар өт жолдору аркылуу ичегиге өтүп, заңы м-н сырт­ка бөлүнөт. Сыртта үлүл м-н кумурска денесин­де ылаң козгоого жөндөмдүү метацеркарий ста­диясына чейин жетилет. Булганган жем-чөп ар­кылуу малдын ичегисине түшүп, ал аркылуу өт жолдоруна жетип, 40–76 күндө жыныстык жактан жетилет. Ылаң уларып өтөт, мал тез арыктап, кунардуулугун жоготот, акыры өлүмгө дуушар болот. Денесинде мите көп болсо, та­мак сиңирүүсү бузулат, чычкактайт. Ылаңдуу малды митеден арылтуу үчүн гексахлорпарак­силол, гетол, гетолин, политрем, фенбендазол (панакур), тиабендазол, фасковерм (клозантел), фазинекс, камбендазол дарылары колдонулат. Алдын алууда малды гельминтсиздөө (ноябрь, декабрда) керек. Д. Раимбеков.