ДОМЕН АТАЛЫШТАР СИСТЕМАСЫ
ДОМЕ́Н АТАЛЫШТАР СИСТЕМАСЫ (Domain Name System) – интернет тармагындагы компьютерлердин өтө сейрек учуроочу аталыштар тобу. Домен аталыштары чекит м-н бөлүнгөн доменден турат, мис., www.уander.ru. аталыштагы домен саны чектелген эмес. Домендер өсүү тартиби б-ча солдон оңго жайгашат. Жогорку деңгээлдин домендеринин мааниси интернетте стандартташтырылган, алар: соm – коммерциялык уюмдар; edu – окуу жайлар; net – тармак ресурстары; org – уюмдар; ru – Россия ж. б. Компьютердин домен аталышы – бул «логикалык адрес», ал тармактын физ. уюму м-н эч байланышпайт. Ушунусу м-н IP-адрестен айырмаланып турат. Ар бир оруну 4 бөлүктөн турган сандык интернет протоколу (ИП) интернеттин адреси. ИПтин биринчи бөлүгү геогр. ордун, экинчиси мекемени, үчүнчүсү компьютердик топту, акыркысы компьютердин аталышын билгизет. Д. а. с. колдонуучунун интернеттин бардык ресурстарына жөнөкөй ж-а тунук кайрылуусун уюштурат. Система каалаган ресурсту жеңил эстеп калгандай домен аталышын түзүүгө багытталган. Домендин тексттик аты аймактык ат болуп, өз аты ж-а машина аты сыяктуу бөлүктөн турат. Аймактар мекемелик (com, edu, gov, mil, net, org) ж-а геог. (au, by, ca, ru, kg) болуп бөлүнөт. Домен аталыштарын атайын мекемелер каттайт. Ал үчүн мурдатан аракеттенген домен администраторуна кайрылуу керек. Домен атын каттоо өз алдынча сервер көрсөтмөлөрүн окуп-үйрөнгөн соң аткарылат. А. Өмүралиев.