ДОМИНИОН
ДОМИНИО́Н (лат. dominiom – ээлик, бийлик) – Британ империясынын курамындагы, Англия королун мамлекеттин башчысы деп тааныган өлкөлөр. Д-дорду англ. королго баш ийген генерал-губернаторлор башкарган. Бийликти Д. формасында уюштуруу мурда эле пайда болуп, Канадага (1867), Австралия Союзуна (1901), Жаңы Зеландияга (1907), Түш. Африка Союзуна (1910) ж-а Ирландияга (1921) Д. статусу берилген. Д-дордун эгемендиги 1931-ж. Вестминстер статуту м-н бекитилген. 1947-ж. «Д.» термини «Шериктештик мүчөсү» деген термин м-н алмаштырылган, к. Шериктештик.