ДОМКРАТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:59, 4 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДОМКРА́Т (голл. dommekracht) – оор жүк кө­төрүү үчүн туруктуу орнотулган, алып жүрмө же жылдырылма механизм. Д-тын өлчөмү кичи­не, өзү жеңил болгону м-н, оор жүктү бир нече метр бийиктикке көтөрөт. Иштетилүү түрүнө ка­рата кол ж-а электр м-н көтөрүүчү; иштөө эре­жеси б-ча рейкалуу, бурамалуу ж-а гидравли­калык болуп айырмаланат. Рейкалуу Д-тын негизги бөлүгү – жүк көтөргүч рейка. Кыймыл берүү механизминин түрүнө карата рычагдуу ж-а тиштүү болот. Рычагдуу Д. рычаг, ал эми тиштүү Д. тутка аркылуу көтөрүлүп-түшүрүлөт. Мындай Д-тар 15 тга чейинки жүк көтөрө алат. Бурамалуу Д-тын негизги бөлүгү – жүк көтөргүч тирөөчкө шарнирдүү бекитилген бурама. Бул Д. м-н 20 т, ал эми атайын максатта жасалган Д. 100 тдан ашык жүк көтөрөт. Гидравликалык Д. бир нече жүздөгөн т жүктү көтөрө алат.