ДОМРА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:59, 4 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДО́МРА – орустун байыркы кылдуу чертме муз. аспабы. Плектр (медиатор) м-н чертилет. Элдик музыканттар – скоморохтор анын ар кандай кө­лөмдөгү көп түрүн (домришка, домра, бас дом­ра) жасашкан. 18-к-дын 2- жарымынан музыкада кол-

донула баштайт. 1896– 1900-ж. В. В. Андреевдин демилгеси б-ча 3 кылдуу Д-нын пикколо, прима, альт, тенор, бас, контрабас деген түрлөрү өркүндөтүлүп, ба­лалайкачылар ансамбли­нин курамына киргизилген. 1908–17-ж. П. Г. Любимов м-н С. Ф. Буров 1-жолу квинтага күүлөнүүчү 4 кыл­дуу Д. жасап, анын ор­кестрлик түрлөрүн (уз. 445– 1550 м м ) жарат ышк ан. Азыр өркүндөтүлгөн (пикко­ло, тенор, альт, бас, контрабас) 3–4 кылдуу Д. орус эл аспаптар оркестрлеринде ойнолот.