ДОНОР-АКЦЕПТОРДУК БАЙЛАНЫШ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:59, 4 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДО́НОР-АКЦЕПТОРДУК БАЙЛАНЫШ , к о о р­д и н а ц и я л ы к б а й л а н ы ш – комп­лекстүү бирикмелерде болуучу хим. байланыш. Көпчүлүк учурда коваленттик байланыш атом­дун сырткы электрондук деңгээлиндеги жуп электрондордун эсебинен пайда болот. Мис., аммиактын молекуласынын электрондук струк­турасында чекит м-н азоттун атомуна тиешелүү крест м-н суутектин атомуна тиешелүү элек­трондор белгиленген. Азот атомунун сырткы деңгээлиндеги сегиз электрондун алтоо үч кова­ленттик байланышты пайда кылып, азоттун ж-а суутектин атомдору үчүн жалпы болуп са­налат. Бирок эки электрон азоттун атомуна гана тиешелүү болуп, бөлүнбөгөн электрондук жуп­ту пайда кылат. Мындай электрондук жубу бар атом башка атом м-н коваленттик байланыш­ты пайда кылууга катышышы мүмкүн (эгерде бул атомдун сырткы электрондук деңгээлинде бош орбиталь болсо). Толтурулбаган 1s орби­таль суутек ионунда болот. Аммиактын моле­куласы суутек ионунун бош s орбиталы м-н өз ара аракеттенишкенде, алардын ортосунда ко­валенттик байланыш пайда болот; азоттун ато­мунун бөлүнбөгөн электрондук жубу эки атом үчүн жалпы болуп калат, мунун натыйжасын­да аммоний иону NН4 пайда болот: Мында ко­валенттик байланыш адегенде бир атомго тие­шелүү болгон электрондук жуптун (электрон­донордук жуптун) ж. б. атомдун бош орбита­лынын (электрондук жуптун акцепторунун) эсе­бинен пайда болот. Коваленттик байланыштын пайда болушунун мындай жолу донор-акцептор­дук деп аталат. Мында электрондук жуптун до­нору азот атому, ал эми акцептору суутек иону болуп саналат. Аммоний ионундагы төрт N–Н байланышы бардык жагынан бирдей экендиги тажрыйба жүзүндө аныкталган. Демек, донор­акцептордук жол м-н пайда болгон байланыш өзүнүн табияты б-ча өз ара аракеттенишүүчү атомдордун биринин жупташкан электронунун эсебинен пайда болот.

Ад.: Терентьев В. А. Термодинамика донорно-ак­цепторной связи. Саратов, 1981; Барсуков И. Б. Элек­тронное строение и свойства координационных соеди­нений. Л., 1976. К. Сулайманкулов.