ДОҢКУЛДАКТАР
ДОҢКУЛДАКТАР , т о ң к у л д а к т а р (Picidae) – куштардын доңкулдак сымалдар түркүмүнүн тукуму. Д. көбүнчө токойдо жашайт. Дене уз. 9–56 см, баш сөөгү чың, тумшугу көзөөч сымал учтуу, катуу мүйүз кабык м-н капталган; моюн булчуңу күчтүү болуп, жем издегенде же уя салганда жыгачты оюп тешет. Буту кыска, тырмагы катуу, учтуу, манжалары узун, эки манжасы алга, экөө артка карайт, даракка жармашып, жөргөлөп жүрүүгө ыңгайланган. Куйрук чалгындары катуу, бак-даракты тешкенде таяныч болот. Айрым Д-дын тумшугу начар ж-а куйрук канаты жумшак болуп (мис., сойкубаш Д.) жыгач теше албайт, чириген, жумшак жыгачты гана тешет. Д. узун, ичке тилин сунуп жыгачтан, кабык астынан жемин таап жейт. Жабышкак шилекей бөлүп чыгаргандыктан, курт-кумурскалар тилине жабышып

Доңкулдактар: 1 – чаар доңкулдак; 2 – кара доңкулдак. же сайылып калат. Айрым Д. курт-кумурскаларды жерден тили м-н алып жейт. Д. жыгачтын же ири кактустардын коңулуна, чөлдө жашагандары ийинге же таштын арасына уялайт, 2–12 жумуртка тууйт. Балапандары жылаңач чыгат. 213 түрү кеңири таралган. КМШ өлкөлөрүндө 15, Кырг-нда 4 түрү кездешет. Д. курткумурска, өсүмдүк мөмөсү, уругу, дарак ширеси м-н азыктанат. Кээде башка куштардын уясын бүлдүрөт. 4 түрү, 8 түрчөсү ТКЭСтин Кызыл Китебине катталган.