ДОҢУЗ-КУДУК ДОЛОМИТ КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:59, 4 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДОҢУЗ-КУДУК ДОЛОМИ́Т КЕНИ Ысык-Көл обл-нун Тоң р-нунда. Балыкчы ш-нан 35 км түш.-чыгышта, Тескей Ала-Тоонун түн. капта­лындагы Чоломо тоосунун бир тармагында, Доңуз-Кудук өрөөнүндө жайгашкан. 1971-ж. та­былган. Кен аймагын палеозойго чейинки ж-а палеозойдогу терриген чөкмө тоотектери түзөт. Доломит катмар түрүндө бир нече кмге созулуп жатат. Калыңдыгы 40–120 м. Доломиттин 2 түрү кездешет. Биринчиси – серпентиндешкен, сар­гыч түстө. Блоктуулугу 0,2Ч0,2Ч0,2 м. Анча ка­туу эмес, оңой кесилет. Жакшы сайкалданат. Экинчиси кызгылт күрөң түстө. Арасында та­рамча ж-а бүртүк түрүндөгү кварц кезигет. Сай­калданышы орт., бирок оңой кесилет. Блоктуу­лугу 0,3Ч0,3Ч0,3 м. Запасы мол. Кооз буюмдарды жасоого, дубалдарды каптоого колдонсо болот.